Ссылки доступа

Сириянын Алеппо жана Хама шаарларында кайрадан согуш болууда


Алеппо жана Хама шаарларында көтөрүлүшчүлөр менен Башар Асадга баш ийген күчтөр ортосунда согуш уланууда. Аба чабуулдарынын кесепетинен ондогон адам өлдү, алардын арасында төрт медицина кызматкери да бар.

Шаршембиге караган түнү согуштук аракеттер Алеппо шаарына барчу жолду көзөмөлдөгөн аймакта, көтөрүлүшчүлөр кармап турган жана өкмөттүк күчтөр курчоого алган райондордо болду. Асаддын аскерлери орус аскердик аба күчтөрүнө жана Ирандан келген кошуундарга таянууда.

Сириянын мамлекеттик ММКлары билдиргендей, армия Рамуаш районундагы жер семирткичтер заводун кайра тартып алды. Адам укуктары боюнча сириялык мониторинг тобу кол салуу болгонун тастыктап, өкмөттүк күчтөр эл жашаган комплекске басым көрсөтүүнү күчөткөнүн билдирди.

Дүйшөмбүдө гуманитардык колоннага сокку урулгандан кийин согуш кайра жанданган. АКШ бул орус учактарынын жардамы менен жүзөгө ашты деген пикирде. Москва болсо авиасоккуга тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Буга карабай, Кошмо Штаттар ок атышпоо боюнча Орусия менен биргеликте жетишилген келишим али “өлбөгөнүн” баса белгилейт.

XS
SM
MD
LG