Ссылки доступа

Порошенко Сирия менен Украинаны Орусия үчүн полигон деп атады


Украина президенти Петр Порошенко БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Сирия менен Украинаны Орусиянын пландарын жүзөгө ашыруучу полигондор деп атады.

Украин лидеринин айтымында, Сириядагы орусиялык аскерлердин аракети Украинада болгондорду эске салат. Порошенконун пикиринде, эки окуяда тең Орусия согушка май тамызып, андан кийин аны жайгаруу үчүн ортомчулук кылууда. Ал жаңжалга катышкан өлкөлөрдү БУУнун Коопсуздук Кеңешинде вето укугунан ажыратууга үндөдү.

Орусия Крымды басып алган соң, Донбасста жаңжал 2014-жылы башталган. Киев жана Батыш өлкөлөрү жикчилдерге колдоо көрсөтүүдө деп Орусияны күнөөлөп келет. Кремль бул айыптоолорду четке кагат. БУУнун эсебинде, Донбасста жаңжал башталгандан бери 9600 адам курман болду.

XS
SM
MD
LG