Ссылки доступа

Түркмөнстанда 2,3 миллиард долларга салынган аэропорт тууралуу китеп чыкты


Ашхабадда негизги “аба дарбазасы” ачылганына бир жума боло элек. Бирок мамлекеттик басмакана жаңы авиагавань жөнүндө китеп чыгарууга үлгүрдү. Бул сапар автору президент эмес.

Китеп «Ашхабаддын эл аралык аэропорту» деп аталат. Ал 17-сентябрда ачылыш салтанаты өткөн түркмөн борборундагы жаңы аба майданына арналган. Китеп “Алп куш азыр эле жерден талпынып, абага көтөрүлчүдөй болуп турганы алыстан эле байкалат” деген образдуу сүйлөмдөр менен башталат. Себеби аэропорт түркмөн авиациясынын символу – учкан шумкардын формасында салынган.

Жаңы чыгармада аэропорттун түзүлүшү кеңири баяндалат. Коопсуздук системалары, аба кемелерин башкаруу, жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча маалымат берилген. Мындан тышкары ангар секторундагы, авиатренажердук борбордогу жана жүк терминалындагы жаңы технологиялар туурасында да сөз болгон.

Китеп түркмөн, англис, орус тилдеринде жарык көрдү. Анда көптөгөн иллюстрация бар.

XS
SM
MD
LG