Ссылки доступа

Назарбаева полициянын укугун кеңейтүүнү сунуштады


Казакстанда парламенттин коопсуздук комитетинин жетекчиси Дарига Назарбаева полициянын ыйгарым укуктарын кеңейтүү керектигин айтып чыкты.

Астанада экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү маселелери талкууланган жыйында ал полициянын макамын кайра карап чыгуу керек экенин, өзгөчө кырдаалдарда активдүү чара колдоно алуусу үчүн алардын ыйгарым укуктарын кеңейтүү керектигин билдирди.

- Алматыда мерт болгон полиция кызматкерлери мыйзам чегинен чыкпай, инструкция боюнча иштеген. Бирок алар өмүрүнөн ажырады, - деди Назарбаева быйыл 18-июлда Алматыда полициянын жана атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарына жасалган чабуулдарды эскертип.

Быйыл 5-июнда Актөбө шаарында 25 согушкерден турган топ бир нече жерге кол салып, сегиз адам, алардын арасында үч аскер кызматкери набыт кеткен. Атайын операция маалында куралчан топтун 18 мүчөсү жок кылынып, калган жетөө камакка алынган. Аларга карата терроризм беренесинин негизинде кылмыш иш козголгон.

Ал эми 18-июлда Алматыда жалгыз адам полиция кызматкерлерине кол салып, беш өмүр кыйылган.

Ал окуяларга байланыштуу өлкөдө террор коркунучунун «сары» чеги жарыяланып, кийин анын мөөнөтү келерки жылдын 15-январына чейин узартылган.

XS
SM
MD
LG