Ссылки доступа

Атамбаев дарыланууcун Москвада улантууда


Президент Алмазбек Атамбаев дарылануусун Москва шаарынын Борбордук клиникалык ооруканасында улантат. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Атамбаев бүгүн, 23-сентябрда мурда анын саламаттыгын изилдеген жана жүрөк оорусун дарылаган адистерге көрүнүү максатында Орусия баш калаасына барган.

Атамбаев менен кошо президенттин жана өкмөттүн иш башкармасына караштуу Клиникалык оорукананын башкы дарыгеринин орунбасары, кардиолог Гүлмира Баитова жүрөт.

19-сентябрда Нью-Йоркко БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясына катышуу үчүн бараткан жолдо Стамбул шаарынын Ататүрк аэропортунда Атамбаев өзүн жаман сезип, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Адистер президенттин жүрөгүндө оорунун белгилери бар экенин аныкташкан. Буга байланыштуу өлкө башчынын басма сөз кызматы президент болжол менен 1-октябрга чейин эмгек өргүүсүнө чыкканын билдирген.

17-сентябрда Алмазбек Атамбаев 60 жашка чыккан. Президенттик кызматка 2011-жылдын декабрында келген, ыйгарым укуктары кийинки жылдын соңунда аяктайт. Азыркы Конституцияга ылайык, Кыргызстанда президент экинчи мөөнөткө шайлана албайт. Оппозиция Атамбаевди Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү аракети үчүн сынга алууда. Алардын пикиринде, өлкө башчысы менен анын айланасындагылар кийинки жылдары да мамлекетти көзөмөлдөөсүн улантууну каалап жатышат.

XS
SM
MD
LG