Ссылки доступа

Дүйшөмбүдө тажик оппозициясынын Варшавадагы билдирүүсүнө каршы акция өтүүдө


Тажик оппозиционерлеринин Варшавадагы адам укуктары боюнча жыйынга катышуусуна каршы Дүйшөмбүдө жаштардын нааразылык акциясы өтүүдө.

Активист жана акциянын уюштуруучуларынын бири Аслиддин Хушвактов жаштар Тажикстандын Улуттук университети менен Медицина университетинин имараттарынын алдына эртең менен эле чогулушканын билдирди. Ал акциялардын ыктыярдуу түрдө уюштурулганын белгиледи.

Анын айтымында, иш-чарага 400гө жакын студент катышууда. Алар Тажикстан бийлигинин каршылаштарынын адам укуктары боюнча жыйындарга катышуусуна каршы пикирлерин айтып жатышат. Ушундай эле акциянын Куляб университетинде да өтүшү күтүлүүдө.

Студенттер өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы «кайрадан согуш баштоого» ниеттенип жатат деп эсептешүүдө. Бир нече күн мурда жаштардын тобу ЕККУнун Дүйшөмбүдөгү өкүлчүлүгүнүн алдына чогулуп, кылмышкерлерди колдоодон баш тартуу чакырыгы жазылган кайрылуу жолдошкон.

Дүйшөмбүдөгү нааразылыктар өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрү менен тарапташтары 19-сентябрда Варшавада акция өткөрүп, партиянын камакка алынган жетекчилерин бошотууну талап кылгандан кийин башталган.

XS
SM
MD
LG