Reuters агенттигине жергиликтүү куткаруу кызматынын башчысы билдиргендей, 23-сентябрда эртең менен шаардын үстүнөн беш аскер учагы учуп жүргөн. Агенттик курмандыктар жөнүндө кеңири маалымат берген жок.
Ошол эле маалда сириялык Адам укуктарынын бузулушун иликтөө борбору кабарлагандай, бүгүн эртең менен Алеппонун ар кыл райондорундагы объектилерге 30дан кем эмес авиасокку урулду.
Орусиянын аскер-космикалык күчтөрүнүн колдоосундагы сириялык куралдуу күчтөр кечээ түнү 22-сентябрда Алеппонун батыш райондорун көзөмөлдөгөн оппозицияга каршы жаңы операцияларын баштаганын маалымдаган.