Ал бирдиктүү долбоорлордун курулушу суу тартыштыгы көйгөйүн алдын алаарын белгиледи:
- Борбор Азия өлкөлөрү экономикалык жактан таза электр энергиянын булагына ээ. Бирок Борбор Азия өлкөлөрү жаңы долбоорлордун курулушунда бир ымалага келиши абзел. Болбосо мөңгүлөрдүн ээриши менен катар 2025-жылга барып суу тартыштыгы пайда болот.
Кыргызстан былтыр да ГЭСтерди куруу зарылдыгын БУУнун жыйынында көтөргөн. Бирок Өзбекстандын өкүлү ГЭСтердин курулушу коңшу өлкөлөрдө суу тартыштыгын жаратарын Башкы ассамблеясынын жыйынында дароо айтып чыккан.