Ссылки доступа

Донорлор тажик экономикасына 460 миллион доллар инвестиция салат (видео)


Тажикстан менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы стратегиялык жаңы кызматташуунун алкагында энергетика, жол-курулуш, айыл чарба жана экономиканын башка секторлоруна 460 миллион доллар инвестиция келет.

Бул документ 2016-2020-жылдар аралыгында иш жүзүнө ашат. Быйыл банк аталган стратегиянын негизинде Тажикстанга 140 миллион доллар бөлөт. Бул каражат энергетика, транспорт жана социалдык секторлорду өнүктүрүүгө жана климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин жоюуга, азык-түлүк коопсузугун камсыздоого жумшалат.

Жаңы стратегия - Тажикстан менен банктын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча төртүнчү документ. Экономика жана сооданы өнүктүрүү министрлиги белгилегендей, мурдагы программалардын баары экономиканы жакшыртууга, жакырчылыкты кыскартууга жана калктын жашоосун көтөрүүгө шарт түздү.

XS
SM
MD
LG