Ссылки доступа

Москвада дүйнөдөгү жикчилдердин экинчи съезди өттү


Жекшембиде Москвада дүйнө жүзүндөгү жикчилдердин экинчи конференциясы өттү. Ага Техас жана Калифорния, Түндүк Ирландия, Испаниянын Каталония провинциясы, Шотландия жана башка аймактардан өкүлдөр келишти.

Конференцияны Кремль каржылаган «Орусиянын антиглобалдуу кыймылы” уюму өткөрдү. Сыйлуу коноктордун арасында Сириянын президенти Башар Асад менен Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахмадинежад дагы бар.

РБКнын маалыматы боюнча конференцияны өткөрүү үчүн президенттик гранттан үч жарым миллион рубль бөлүнгөн.

Жикчилдердин биринчи съезди Москвада 2015-жылы болгон. Ага өзүн Донецк жана Луганск республикасы деп жарыялап алган аймактардын өкүлдөрү да катышкан.

Кылмыш кодексине ылайык, Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакыруу үчүн төрт жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

XS
SM
MD
LG