Ссылки доступа

Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун каттады


Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча 4-декабрда референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каттоого алынды. Парламенттин аппарат башчысы Абдыманап Кутушев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, талкуунун жүрүшүндө референдум өткөрүү күнү өзгөрүшү да ыктымал:

-Эреже боюнча алгач аны Конситуциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети карап, андан соң жалпы жыйынга чыгарылат. Акыркы чечим талкуулардан соң кабыл алынат.

Конституцияны өзгөртүүгө багытталган мыйзам өткөн аптада Жогорку Кеңеште колдоо тапкан. Ал тапта, оппозиция бийликти мындан баш тартууга чакырып, кол топтоп жатат. Бирок, президент Алмазбек Атамбаев жана парламенттеги КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” фракциялары "Конституция өлкө кызыкчылыгы үчүн өзгөрүүгө тийиш" деген көз карашты карманууда.

XS
SM
MD
LG