Ссылки доступа

Өзбекстанда имамдар мечитке келгендерди пахта теримге чыгууга үндөштү


Өзбекстанда пахта терим өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан маалда айрым мечиттердин имамдары жума намазга келгендерди түшүм жыйноого чыгууга чакырышты.

Кээ бир имамдар исламда пахта теримге чыгуу ар бир мусулман үчүн милдеттүү экендиги жөнүндө токтом да чыгарып жиберишти. Ошол эле маалда өлкөнүн көпчүлүк мечиттери пахта жыйноого деп келгендерден акча чогултууда.

Ташкенттеги «Хазрати Али» мечитинин кызматкерлеринин бири бул маалыматтарды ырастады. Анын айтымында, имамдардын пахта теримге чыгуу чакырыктары Өзбекстандын мусулмандар дин башкармалыгынын көрсөтмөсү боюнча айтылууда.

Өзбекстандыктар өткөн жума күнү өлкөнүн башка мечиттеринде да талаага чыгуу чакырыктары айтылганын маалымдашты. Ошол маалда айрым айылдагы мечит имамдарынын өздөрү да пахта теримге чыгып жаткандыктарын билдиришти.

Эл аралык уюмдар жарандарын пахта теримге жана оор талаа иштерине мажбурлап чыгарып жаткандыгы үчүн расмий Ташкенттин аракеттерин көп жылдан бери сынга алып келет. Өзүнө бир нече укук коргоо уюмдарын камтыган Cotton Campaign тобу Өзбекстанды мажбарлап иштетүүдөн баш тартууга байма-бай чакырып турат.

XS
SM
MD
LG