Ссылки доступа

Сириянын курчоодо калган шаарларына гуманитардык жардам жеткирилди


Сириянын курчоодо калган төрт шаарына жекшембиде гуманитардык жардам жүктөлгөн жетимиш жүк ташуучу унаа келди. Бул тууралуу Эл аралык Кызыл Чырым Комитети билдирет.

Гумантардык жардам берүү менен алектенген уюмдун билдирүүсүнө караганда, конвойлор Дамасктан алыс эмес Мадайя жана Забадани шаарларына жана Идлиб провинциясынын Аль Фуа менен Кефрайя кыштактарына келишти.

Мадайя Ливан менен чектеш жайгашкан. Ал жакта 40 минден ашуун калк жашайт. Шаарды Сирия өкмөтүнүн тарапташтары алты айдан бери курчап турат. Забаданиде болсо 1000 адам гана калды. БУУнун эсебинде, Кефрайа жана Аль-Фуа кыштактарында 20 миң адам жашайт жана алар көтөрүлүшчүлөр тарабынан 2015-жылдан бери курчоодо турат.

БУУнун Сирияга жардам көрсөтүү боюнча акыркы операциясы 48 саатык элдешүү жараянынан кийинки авиасоккунун айынан үзгүлтүккө учураган.

Дүйшөмбүдө 37 жүк ташуучу унаадан турган колонна Алеппонун батыш бөлүгүндө кол салууга кабылгандан кийин БУУ жардам берүүнү токтоткон. Чабуул учурунда 20дай жай тургун өлтүрүлүп, жер семирткич сактаган кампа жок кылынган.

XS
SM
MD
LG