Ссылки доступа

Кыргыз делегациясынын башчысы ЕККУ жыйынында Батыров сүйлөп жатканда чыгып кетти (видео)


ЕККУнун Варшавада өтүп жаткан жыйынында Кыргызстандын делегациясынын жетекчиси, президенттик аппараттын башчысынын орун басары Мира Карыбаева Кадыржан Батыров сүйлөп атканда жыйындан чыгып кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, Карыбаева 26-сентябрда ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюросунун «Толеранттуулук жана дискриминация эмес» деген отурумуна катышкан.

Өз сөзүндө Карыбаева Кыргызстанда оор кылмыштарга байланыштуу өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөгө алынган Кадыржан Батыровго бул жыйында да аянтча түзүлгөнүнө нааразылыгын билдирди.

Ошондой эле ал 20-сентябрда ЕККУ жыйынында Батыровго берилген мүмкүнчүлүк Кыргызстанды сыйлабастык катары бааланганын, Батыров 2010-жылдагы кандуу июнь окуяларынын башкы уюштуруучусу экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG