Ссылки доступа

Прокурор Сейтказы Матаевди 6 жыл 8 ай түрмөгө кесүүнү сурады


Казакстанда мамлекеттик айыптоочу Журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаевди 6 жыл 8 айга эркинен ажыратууну сурады. Ошондой эле анын уулу Асетти 6 жылга түрмөгө кесүүнү сунуштады.

Прокурор соттон Матевдердин мүлкүн мамлекеттин карамагына өткөрүп берүүнү жана 3 жылга ишкердик кылуу укугунан ажыратууну өтүнүүдө. Айыптоочу аларды бюджет каражатын уурдоодо, салык төлөөдөн качууда күнөөлүү деп табууну суранууда. Жактоочулар болсо Матаевдерди куугунтуктоону токтотууга үндөштү.

Астанада коррупциялык кылмыштарга байланыштуу соттук отурум 23-сентябрда башталган. Матаевдер тагылган айыптоолорду четке кагып келишет.

XS
SM
MD
LG