Украин прокуратурасынын пикиринде, Орусия тарабынан аннексияланган Крымда орус парламенти үчүн депутаттарды шайлоо Украина суверенитеттүүлүгүнө кол салуу болуп саналат.
Кылмыш иши “Бирдиктүү Орусиянын” тизмеси боюнча шайлоодон өткөн депутаттарга – Руслан Бальбек, Михаил Шеремет жана Наталья Поклонскаяга, ошондой эле бир мандаттуу округдар боюнча шайланган Константин Бахарев, Светлана Савченко, Дмитрий Белик жана Андрей Козенкого карата козголду.
Өткөн аптада Крымда шайлоо өткөрүү Украинанын аймактык бүтүндүгүнө кол салуу болуп эсептелет делинип кылмыш иши ачылган.
Жарым аралда Мамдума үчүн өткөн шайлоолорду Кошмо Штаттар жана Евробиримдик тааныган жок. Крым Орусия тарабынан 2014-жылы басып алынган. Украина жана эл аралык коомчулук Кырымды украин аймагы катары эсептейт.