Референдумду сындагандар, бул норма Ильхам Алиевге болуп көрбөгөндөй ыйгарым укуктарды берет деп кооптонушууда.
Европа Кеңеши референдум өлкөнүн демократиялык өнүгүшүнө сокку урду деп сыпаттады. Amnesty International укук коргоо уюму Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандарды коркутуп, камап, куугунтукка алууну айыптады.
Ильхам Алиев 2003-жылы атасынын ордуна президент болуп келген. Беш жылдан кийин ал шайлоодон жеңип чыккан. 2009-жылы Алиев Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүп, президент экиден көп жолу шайлоолорго катышуу укугун алган. 2013-жылы ал кайрадан үчүнчү ирет өлкө башчы болуп шайланган.