Ссылки доступа

Түркияда 87 чалгындоо кызматкери жумуштан бошотулду


Түркияда Мамлекеттик коопсуздук агенттигинин 87 кызматкери иштен алынды. Алардын баары тең бозгундагы оппозиционер Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деп шектелгендер.

Расмий ММКлар кабарлашкандай, улуттук чалгындоо уюмунун 52 кызматкерине карата кымыш иши козголду. Аталган мекемеде бардыгы болуп 141 адис кызматынан айрылды.

Бул Түркиянын эң таасирдүү институтундагы алгачкы "тазалоо". Ишке ашпай калган козголоңдон кийин Анкаранын чечими менен 100 миңден ашуун полициячылар, аскер жана мамлекеттик кызматкерлер иштен айдалган.

Түркия Гүленди экстрадициялоо боюнча АКШга расмий түрдө кайрылган. Вашингтон анын төңкөрүш аракетине тиешеси бардыгын далилдеп берүүнү талап кылууда. Гүлен Пенсильвания штатында 1999-жылдан бери жашайт. Диний ишмер козголоңго катышы жок экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG