Ссылки доступа

Камактагы үч өзбек жараны Дүйшөмбүдөн Ташкентке кайтарып бербөөнү өтүнүүдө


Тажикстандын 25 жылдыгына карата жарыяланган мунапыска ылайык, чет өлкөлүк жарандар боштондукка чыгат. Өлкөдө жазасын өтөп жаткан үч өзбек жараны азаттык алмак, бирок алар тажик бийлигине кайрылып, мекенине жөнөтпөөнү өтүнүүдө.

Мындан улам алар БУУнун Дүйшөмбүдөгү кеңсесине жана укук коргоо органдарына кайрылышты. Камактагылар билдиргендей, сегиз жыл мурун алар чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн камалышкан. Эгер алар Өзбекстанга кайтышса, кыйноолорго кабылып, кайрадан жазага тартылышы мүмкүн.

Камактагылардын бири Шерзод Курбоновдун айтымында,алардын жаза мөөнөтү үч күн мурун бүткөн. Бирок Өзбекстанга жөнөтүү боюнча документтер даяр болгучакты колонияда калышат. Ал 2009-жылы үй- бүлөсү менен бирге ажылыкка жөө сапар алган. Бирок тажик-ооган чек арасында кармалып, кийин соттолгон. Укук коргоо органдары анын балдарын жана аялын Өзбекстанга жөнөткөн.

Тажикстандын жаза аткаруу башкы башкармалыгынын кызматкерлери камактагы эки жаран Өзбекстандын ислам кыймылына мүчө делип соттолушканын айтышууда. Дал ушул себептен улам алар мекенине кайтуудан коркушат.

XS
SM
MD
LG