Жемайэлдин айтымында, мамлекеттик карыз акыркы жылдарда кескин көбөйгөн. 2014-жылдын ортосунда эле мамкарыз ИДПга карата 43-44% болчу. Ал Кыргызстанда мамлекеттик карыздын өсүшү тынчсызданууну жаратып жатканын кошумчалап, бересе чектен ашып кетсе коркунучка кептей турганын белгиледи.
Мамлекеттик карыздын көлөмүнүн өсүшү менен өкмөт тапкан каражатты береселерди тейлөө үчүн жумшап баштайт. Буга байланыштуу ЭВФ бюджет консолидациясын жүргүзүп, акырындык менен тартыштыкты кыскартууну сунуштайт. Ал бул маселеге өтө кылдат мамиле жасоо зарылдыгын белгилеп, бюджеттик консолидация ИДПнын өсүшүн камсыздай турганын айтты.