Ссылки доступа

Израилдин мурдагы президенти Шимон Перес көз жумду


Бүгүн эртең менен Тель-Авивдеги ооруканалардын биринде Израилдин мурдагы президенти жана премьер-министри Шимон Перес дүйнөдөн кайтты.

92 жаштагы Нобел сыйлыгынын ээси 13-сентябрда инсульт болуп, ошондон бери ооруканада болчу.

Перес 2007-жылдан 2014-жылдын 24-июлуна чейин Израилдин президенти болгон. Өкмөттү 1995-96-жылдары жетектеген. 1992-жылы тышкы иштер министри болуп турган кезде Палестинаны бошотуу кыймылынын лидери Ясир Арафат менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Мунун аягында Ослодо келишимге кол коюлган. Бул жетишкендик үчүн Переске, Арафатка жана Израилдин ошол учурдагы премьер-министри Исхак Рабинге Нобел сыйлыгы берилген.

XS
SM
MD
LG