"Каржылык санкциялар өз кызыкчылыктарыбызды коргоп калууда натыйжалуу инструмент экенин көрсөттү. Башкача айтканда биз күн тартибинен жаңы санкцияларды киргизүү ыктымалдуулугун алып таштаган жокпуз "-деди ал. Жош Эрнест учурда Сириядагы абал курчуганын, Асаддын армиясы менен орусиялык аскерлердин соккулары көбөйгөнүн кошумчалады.
Буга чейин, 25-сентябрда БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стаффан де Мистура Алеппого бочка бомбалары, күйүүчү ок-дарылар жана бетон талкалоочу бомбалар ыргытылганын кабарлаган.
Стаффан де Мистуранын айтымында, өткөн жумада Сирия алты жылдык согуштан берки эң кандуу күндөрдү башынан кечирди. Ал Орусия менен АКШга кайрылып, ок атышпоо боюнча келишимдерин сактап калууга үндөдү.