Ссылки доступа

Казакстанда Алия Назарбаеваны жашыткан тасма тартылды


Казакстан президентинин кызы Алия Назарбаева продюсерлик кылган «Энеге алпарчу жол» көркөм тасмасы 29-сентябрдан тарта көрсөтүлө баштайт. Тасманын жаратуучулары аны патриоттук тасма деп сыпатташууда. Фильмдин бюджети расмий түрдө айтылган жок.

Тимур Жаксылыковдун сценарийи боюнча режиссер Акан Сатаев тарабынан тартылган «Энеге алпарчу жол» тасмасынын премьерасы прокатка чыгууга эки күн калганда Алматыда өттү. Дүйнөлүк премьерасы өткөн жайда Москвадагы эл аралык кинофестивалдын алкагында болгон.

Режиссер Акан Сатаев каржылык колдоо көрсөтүүдө башкы продюсер Алия Назарбаева чоң роль ойногонун белгиледи. Тасманын бюджетинин жогору экени андагы согуштук сценалардан көрүнүп турат. Мисалы, Днепрдеги кармашуу көрүнүшүндө массовкага 500дөн ашык киши жана 300 даана аскер куралы тартылган. Тасма Казакстанда, Беларуста жана Азербайжанда тартылган.

Фильмде көп жылдардан бери көрүшө элек эне менен баланын кайра бирге болууга умтулуусу негизги орунда турат. Окуя коллективдештирүү, жут, сталиндик репрессиялар, Экинчи дүйнөлүк согуш, тылдагы жана сталиндик лагерлердеги оор турмуш өңдүү белгилүү тарыхый окуялардын фонунда болот. Кайсы бир деңгээлде ал окуяларды башкы каарман Ильям менен апасы Мариям жана анын бакма кызы Умит да баштарынан өткөрүшөт.

Тасмага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мартта эле жакшы баасын берген. Кинофильмдин башкы продюсери Алия Назарбаева да чыгарма купулуна толгонун айткан. «Аны көргөн сайын жашыйм», - деп кошумчалаган ал.

XS
SM
MD
LG