Ссылки доступа

Азербайжанда оппозиция референдумдун жыйынтыктарын тааныган жок


“26-сентябрдагы референдум күтүлгөндөй эле бурмалоолор менен өттү”, - деп билдирди Азербайжан элдик фронту партиясынын төрагасы Али Керимли.

“Азербайжан элинин референдумга бойкот жасагандыгы жакшы болду. Бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринен турган «каруселдик топтордун” аркасы менен гана шайлоочулар активдүү катышкандай түр көрсөтүлдү”, - деди ал.

Партия лидери референдумдун жүрүшүндө топ бюллетендерди үкөккө таштоо жана тилкелерге толтурулган даяр урналарды жеткирүү сыяктуу мыйзам бузуулар да болгонун белгиледи.

Керимли партия бурмалоолорго каршы күрөшүн улантып жатканын кошумчалады. Эл аралык уюмдардын жардамы менен митинг өткөрүүгө уруксат алуу жана ага полицияны кийлигиштирбөө боюнча бийлик менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.

Өз кезегинде «Мусават» партиясынын лидери Ариф Гаджылы референдумга кворум үчүн зарыл болгон жарандардын 25%ы катышпаганын белгилеп, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылды. «Биз Конституция тарабынан уруксат берилген бардык жолдор менен күрөштү улантабыз. Басма сөз жыйынын өткөрүп, жергиликтүү жана чет өлкөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылабыз. Азербайжан бийлиги референдумдун аркасы менен түзүлгөн экономикалык жана саясий каатчылыктан чыгууну каалап жатат”, - деп билдирди ал.

XS
SM
MD
LG