Ссылки доступа

ОПЕК ноябрдан тарта мунай өндүрүү көлөмүн азайтат


Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму (ОПЕК) ноябрдан тарта сырьё өндүрүү көлөмүн чектөө чечимин кабыл алары менен чийки мунайга болгон дүйнөлүк баалар жогорулады.

ОПЕК мүчөлөрү шаршемби күнү Алжирде өткөн бейформал жолугушуунун жүрүшүндө мунай өндүрүү көлөмүн бир аз — болжол менен күнүнө 700 миң баррелге чейин азайтуу боюнча макулдашты. Муну менен ОПЕК бир жыл мурдагы нормага кайтып барат.

Уюмдун өкүлдөрү ар бир өлкө үчүн өндүрүш көлөмү Венада өтчү 30-ноябрдагы жолугушууда макулдашыларын билдиришти. Андан сырткары ОПЕК дүйнөлүк базардагы абалды жакшыртуу үчүн мунай экспорттогон башка өлкөлөрдүн да колдоосуна ээ болууга ниеттенүүдө.

2014-жылдын ортосунан бери мунайга болгон баалар эки эсеге төмөндөгөн. ОПЕКтин макулдашуусу жөнүндөгү кабардан соң баалар 5 пайызга жогорулады.

Курамына 14 өлкө кирген уюм мунай экспортунун 40 пайызын көзөмөлдөйт. Бирок негизги өндүрүүчүлөр, анын ичинде Орусия ал блокко кирбейт. Мунайга болгон дүйнөлүк баалардын төмөндөөсүнүн себептеринин бири АКШда күйүүчү сланецтен мунай өндүрүү технологиясынын киргизилиши болгон.

XS
SM
MD
LG