Ссылки доступа

Банк тоногон тажик студент 11 жылга кесилди


Тажикстанда «Агроинвестбанктын» райондук филиалына каракчылык менен кол салган тажик студенти 11 жылга эркинен ажыратылды. Бехруз Рауфов жазасын күчөтүлгөн режимдеги абакта өтөйт.

Ал 2-курска чейин Казакстандагы жогорку окуу жайлардын биринде контрактык келишимдин негизинде билим алчу. Жаш жигит бул кылмышка окуусу үчүн акча төлөө максатында баргандыгы айтылууда.

Студент банк филиалынын имаратына кирип, акча же баалуу буюм таппаган соң күзөтчүгө кармалып калган. Жигит милиция кызматкерин бычак менен сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Кийин ал өз эрки менен армияда кызмат өтөөнү каалап, бирок көп өтпөй айыбы ачылып, кармалып калган.

Бул окуя 2016-жылдын апрелинде Дангара районунда болгон. Банкты күзөткөн милиция кызматкерине 17 жолу бычак сайылган. Ал оор абалда ооруканага жеткирилген.

XS
SM
MD
LG