Ссылки доступа

Беларус тоо комбинат курулушчуларына Түркмөнстандын маяна төлөбөй жатканына кабатыр


Минск түркмөн тарап Гарлык тоо кен-байытуучу комбинатын курууда каржылык жана башка милдеттенмелерин аткарбай жатканына кабатыр. Бул тууралуу Беларустун Улуттук жыйынынын республикалык кеңешинин төрагасы Михаил Мясникович Түркмөнстандын элчиси Назаргулы Шагулыев менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушууда беларус курулушчулары айлык маяна албай жатканы белгиленди. Алар мындан башка дагы бир катар көйгөйлөргө туш болушууда. Бул курулуштун жүрүшүнө таасирин тийгизүүдө.

Республика кеңешинин төрагасы Ашхабадды комбинаттын курулушун ийгиликтүү аяктоо үчүн кечиктирилгис чараларды көрүүгө үндөдү.

Маалымдалгандай, Түркмөнстан менен Беларус жазда комбинаттын негизги жана көмөкчү тилкелерин ишке берүүгө даярдык көрүп баштаган. Ал жылына 1,4 миллион тонна калий семирткичин өндүрүп чыгууга кудуреттүү. Комбинат Түркмөнстандын түндүк-батышындагы Лебап районунда салынууда. Өлкөдөгү алгачкы тоо-химиялык өнөр жай объектисин 2017-жылы мартта ишке берүү пландалууда.

XS
SM
MD
LG