Ссылки доступа

Казакстанда «абактагы аялды зордуктаган» кызматкер тогуз жылга соттолду


Алматы соту жергиликтүү тергөө абагынын мурдагы кызматкери Руслан Хакимовго карата мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен тогуз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал абакта зордукталган Наталья Слекшинанын иши боюнча күрөөлүү деп табылды.

Соттун бүгүн чыгарган өкүмүнө ылайык, Руслан Хакимов юстициянын майору наамынан жана өмүр бою кандайдыр бир мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылат.

Хакимовго өткөн жылы ал иштеген түрмөдө жатып кош бойлуу болуп төрөгөн Наталья Слекшинаны зордуктаган дегеп айып тагылган. Ошондой эле кызмат абалын кыянат пайдаланган деп да айыпталган.

Слекишинанын айтымында, абакта ал топ адамдын зордуктоосуна кабылган. Кийин экспертиза жарык дүйнөгө келген кыздын атасы Руслан Хакимов экенин аныктаган. Жабырлануучу тарабынан зордуктоого айыпталып жаткан тергөө абагынын дагы үч кызматкери иш боюнча күбө катары өтүштү. Тергөө аларды кылмышка айыптоочу далилдер жок деген чечимге келди.

- Мен өкүм менен макулмун, бирок биз калгандарын да кылмыш жоопкерчилигине тарттырууга аракет кылабыз, анткени ал [Хакимов] жалгыз болгон эмес, - деди Наталья Слекишина.

XS
SM
MD
LG