Ссылки доступа

Обама менен Меркель Алепподогу бомбалоону сындашты


АКШ жана Германия Алеппо шаарына жасалган орусиялык жана сириялык аба соккуларын “наадандык” катары айыптоодо. Бул тууралуу бейшембиде АКШ президенти Барак Обама менен Германия канцлери Ангела Меркелдин телефондук сүйлөшүүсү учурунда айтылды.

Акүй таркаткан билдирүүгө караганда, сириялык өкмөт жана анын тарапташы Орусия Сириядагы ок атышууну токтотуу үчүн өзгөчө жоопкерчиликке ээ. Эки лидердин пикиринде, Москва менен Дамаск өлкөдө элдешүүнү камсыздап, курчоодо калган шаар жана кыштактарга гуманитардык жардам жеткирүүгө жол ачууга тийиш.

АКШ жана Германия жетекчилери мындан тышкары Украинадагы абалга тиешелүү маселелерге дагы токтолушту. Барак Обама Франция менен Германиянын Минск келишимин аткаруу үчүн Норманд тобунун алкагында тез жана ар тараптуу жолдорду издөөсүн кубаттады.

Обама менен Меркель бардык тараптарды ок атышпоо макулдашууларын сактоого, жаңжалдашкан тараптарды ажыратууга жана уруш жүрүп жаткан зоналарга эл аралык байкоочулардын тоскоолдуксуз кирүүсүнө жол ачууга үндөштү.

XS
SM
MD
LG