Фетхуллах Гүлен 1999-жылдан бери АКШда ыктыярдуу бозгунда жүрөт. Түркия аны өткөрүп берүү өтүнүчү менен Вашингтонго бир канча жолу кайрылган. Гүлендин өзү эгер анын күнөөсү көз карандысыз сот тарабынан далилденсе мекенине кайтып барарын билдирген.
Түркияда 16-июлга оогон түнү төңкөрүш аракети болуп, бийлик аны басып койгон. Козголоң маалында 240тан ашык киши каза болгон. Тергөөнүн алкагында Анкара он миңдеген жарандарды камакка алган.