Ссылки доступа

Түркмөнстан ТИМи Беларусту тоо комбинат курулушун кечеңдетүүгө айыптады


Түркмөн ТИМи Гарлык тоо кен-байытуучу комбинаттын курулушу боюнча билдирүү таркатты. Түркмөн тарап анда курулуш иштери менен алектенип жаткан Беларусту белгиленген мөөнөттөн артта калып жатат деп айыптады.

Билдирүүдө Түркмөнстанга барган Беларус делегациясына комбинаттын инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү эсептелген объектилер боюнча курулуш мөөнөттөрү пландалгандан кыйла кеч болуп жатканы көрсөтүлгөнү айтылат.

Түркмөнстан өкмөтүн долбоорду ишке ашыруу менен алектенип жаткан Белгорхимпром ишканасы тарабынан комбинаттын курулушунда эмгектенген түркмөн жарандарына маяналарынын өз учурунда берилбей жатышы да тынчсыздандырууда. Түркмөнстан комбинаттын курулушун ийгиликтүү аяктоо үчүн белорус тараптын кечиктирилгис чараларды көрүшү керектигин белгиледи.

Түркмөнстанда жылына 1,4 миллион тонна калий жер семирткичин өндүрүп чыгууга кудуреттүү комбинат куруу тууралуу келишимге тараптар 2009-жылы кол коюшкан. Анын баасы — 1 миллиард доллар. Комбинат пайдаланууга 2015-жылы берилиши керек болчу. Эми анын 2017-жылдан тарта иштеп башташы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG