Ссылки доступа

Украина Орусиядан Роман Сущенкону токтоосуз түрдө бошотууну талап кылат


Украина Коргоо министрлигинин Чалгындоо боюнча башкы башкармалыгы Москвада тыңчылыкка айыпталып кармалган журналист Роман Сущенко чалгын кызматкери эмес экенин кабарлады. Бул маалымат “катардагы фейк” деп билдирди РИА "Новостиге" мекеменин басма сөз кызматы.

Дүйшөмбүдө Орусиянын Федералдык кызматы Сущенконун кармалганын кабарлаган. Орус атайын кызматы журналистти полковник наамына ээ украин аскер чалгынынын кадрдык кызматкери деп эсептейт. Алардын пикиринде, Сущенко Москвадагы жашыруун маалыматтарды ташуу менен иштеген.

Украина ТИМи анын негизсиз кармалышына каршылыгын билдирди. "Укринформ" агенттиги Сущенконун камалышын “пландалган чагым” катары баалады. Билдирүүдө айтылгандай, Роман Сущенко агенттиктин Франциядагы атайын корреспонденти жана Москвага эмгек өргүү учурунда жеке сапар менен келген.

Адвокат Николай Полозов украин журналистинин кармалышын адам уурдоо катары бааласа болот деп эсептейт. "112 Украина" телеканалындагы берүүдө Полозов эл аралык нормалар бузулганын – камоо тууралуу консул менен туугандарына билдирүү жөнөтүлбөгөнүн айтты. "Кремль ырааттуулук менен Украина жарандарын уурдап, аларга карата жалган кылмыш ишин ойлоп табуу саясатын улантууда", -деди адвокат.

Учурда Сущенко "Лефортово" тергөө абагында жатат. Сот 1-октябрда аны эки айга камоо боюнча бүтүм чыгарган. Орусиядагы Украина консулун корреспондентке киргизишкен жок.

XS
SM
MD
LG