Ссылки доступа

Орусиянын Коргоо кеңешинин башчысы Тажикстанга барды


Тажикстан Коопсуздук кеңешинин башчысы Абдурахим Каххаров терроризм жана экстремизм менен күрөшүү маселелерин өзүнүн орусиялык кесиптеши Николай Патрушев менен талкуулады. Тараптар Дүйшөмбүдө жолугушту.

Тажикстан Коопсуздук кеңешинин төрагасынын айтымында, жолугушуу маалында терроризм жана экстремизмден коргонуу чаралары, ошондой эле Ооганстандагы абал жөнүндө кеп козголду.

Бул Коопсуздук кеңешинин катчыларынын акыркы үч айдагы экинчи жолугушуусу. Өткөн жолу иш-чара июнда Москвада өткөн.

Анда тараптар Борбор Азия чөлкөмүндөгү кырдаалды, Ооганстандан келүүчү коркунучтарды, аскер-техникалык кызматташтык маселелерин талкуулашкан. Жаңы жолугушуу Ооганстандын түндүгүндөгү кырдаалдын начарлашына дал келди. Ал жакта талиптер Кундузга чабуул жасашкан.

Николай Патрушев ошондой эле Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жана коргоо министри Шерали Мирзо менен дагы жолукту.

XS
SM
MD
LG