Ссылки доступа

Италиянын деңиз кайгуул кызматы алты миңге жакын мигрантты сактап калды


Италиянын деңиз кайгуул кызматы 39 кайык менен Европа жээктерине бара жаткан алты миңден ашык мигрантты куткарганын билдирди. Кызматтын маалыматы боюнча, тогуз мигрант каза болуп, Италиянын Лампедуза аралынын ооруканасына кош бойлуу аял менен бир бала жеткирилди.

Маалымдалгандай, 3-октябрдагы операциялар маалында акыркы айлардагы эң көп сандагы мигрант куткарылды.

Куткаруучулардын үйлөмө кайыктын биринен 725 адамды алып чыгаргандыгы кабарланууда. Деңиз кайгуул кызматынын, аскер флотунун жана гуманитардык уюмдардын он чакты кемеси катышкан куткаруу операциясынын көбү Ливиянын жээктеринен 50 чакырым алыстыкта жүргүзүлдү.

Үч жыл мурда Лампедузага жакын жерде мигранттар бара жаткан кайык чөгүп, 386 киши каза болгон. Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматы боюнча, жыл башынан бери 132 миңге жакын мигрант Италиянын жээктерине келип түшсө, дагы үч миңдейи чөгүп кетишкен.

XS
SM
MD
LG