Ссылки доступа

Ассанж АКШдагы шайлоо жана Google тууралуу жаңы маалыматтарды убадалады


WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж кабарчылар менен болгон видео конференция учурунда билдиргендей, алар быйылкы жылдын аягына чейин бир миллион документти шардана кылат.

WikiLeaksтин хакерлери тарабынан уурдалган документтер арасында АКШдагы президенттик шайлоо, согуш, курал-жарак, мунай жана Google боюнча олуттуу документтер бар. Басма сөз жыйын WikiLeaks сайты катталганынын он жылдыгына тушташ өттү.

Ошондой эле 45 жаштагы австралиялык Wikileaksти башкаруу жана долбоорду каржылоо ыкмаларындагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып, сайт кызматташып жаткан ММКлар түйүнүн жүзгө чейин кеңейтүүгө даяр экенин кошумчалады.

2012-жылдан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде баш калкалап отурган Ассанжды сексуалдык кылмыштарга барганы үчүн айыптаган Швеция өткөрүп алууну көздөйт. Швед тараптын айыптоосун четке каккан Ассанж эгер бул өлкөгө экстрадицияланса андан ары АКШга өткөрүлүп, ал жакта жашыруун документтерди шардана кылганы үчүн жазага тартыларын айтып келет.

XS
SM
MD
LG