Ал өкмөт башчы тарабынан атайын тапшырма берилгенин кошумчалап, достук жолугушууга жооп катары уюштуруу иштери тапшырылганын, азырынча так мөөнөт аныктала электигин билдирди.
1-октябрда вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин коштоосунда Кыргызстандан делегация Анжиянга барып келген. Өзбек тараптын чакыруусу менен өткөн иш-чарада кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралган.
Жолугушуу учурунда кыргыз делегациясы Анжиян мамлекеттик университети, достук үйү жана кыргыз диаспорасы менен жолугушкан. Жыйынтыгында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралаш облустары арасында кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлган.