Ссылки доступа

Орусия Мамдумасынын жетинчи чакырылышы алгачкы жыйынын өткөрөт


Бүгүн Мамлекеттик думанын жетинчи чакырылышы алгачкы пленардык жыйынын өткөрөт. Аны парламенттеги эң улуу депутат, Коммунисттер фракциясынын 86 жаштагы өкүлү Жорес Алферов ачат. Депутаттардын алдында Орусия президенти Владимир Путиндин да сөз сүйлөөсү күтүлүүдө.

Жыйын уюштуруу маселелерине арналат. Мамдуманын жаңы чакырылышына «Бирдиктүү Орусиянын» өкүлү, президенттин администрация башчысынын орун басары Вячеслав Володин төрага болушу керек. Аны ал кызматка Владимир Путин өзү сунуштаган. Төрага парламенттеги көпчүлүк добуш менен шайланат (жаңы чакырылышта «Бирдиктүү Орусия» 343 мандатка ээ). Депутаттар партиялар аралык кеңешмелер маалында макулдашылган вице-спикерлер менен алардын орун басарларын да бүгүн эле шайлашат.

Мамдуманын жаңы чакырылышынын алдында турган маанилүү маселелердин бири — бюджетти түзүү. Бирок эл аралык кырдаал начарлаган шартта депутаттар биринчи кезекте орусиялык авиатопту Сирияга жайгаштыруу макулдашуусун ратификациялоо жана плутонийди зыянсыздандыруу боюнча АКШ менен келишимди жокко чыгаруу маселелерин карашат.

Мамдуманын жетинчи чакырылышына «Бирдиктүү Орусиядан» сырткары Коммунисттер партиясы, Либерал-демократтар партиясы жана «Адилеттүү Орусия» партиялары өткөн. Андан сырткары парламент курамына бир мандаттуу округдардан жеңишке жеткен «Жарандык платформа» жана «Ата Мекен» партияларынын өкүлдөрү да кирген.

XS
SM
MD
LG