Ссылки доступа

Орусия АКШ менен ядролук энергетика боюнча кызматташууну токтотту


Орусия АКШ менен ядролук жана энергетикалык тармактардагы илимий изилдөөлөр, ойлоп табуулар боюнча кызматташууну токтотту. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн сайтында маалымдалды.

Кызматташуу боюнча макулдашууга 2013-жылы кол коюлган. Документ эки өлкөнүн ядролук коопсуздук жана күйүүчү майлардын инновациялык түрүн иштеп чыгуудагы кызматташуусун аныктаган.

Орусия дүйшөмбүдө плутонийди утилизациялоо боюнча АКШ менен түзүлгөн келишимди токтотту. Кремлдин түшүндүрмөсүнө караганда, Вашингтон курал плутонийлердин ашыгын жок кылбай, аны экинчи ирет колдонуу үчүн сактап жатат.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Москванын бул чечимине өкүнгөнүн билдирген.

Бул арада Вашингтон 2014-жылы “Росатом” мамлекеттик корпорациясы менен атомдук энергетика тармагындагы бирге жүргүзүп жаткан ишти токтоткон. Буга Украинанын чыгышындагы уруш себеп болгон.

XS
SM
MD
LG