Ссылки доступа

Түркмөнстанда ырчы-маңзат соодагери кармалганы тастыкталды


Ашхабадда Коопсуздук боюнча мамлекеттик кеңештин жыйыны өттү. Ал аскер жана укук коргоо органдарынын жыл башынан бери аткарган иштерине арналды. Отурумда өлкө президенти маңзат менен күрөштү күчөтүүнү тапшырды.

Жыйын бүтөр замат түркмөн телеканалдарында укук коргоо органдарынын маңзатка каршы жигердүү күрөшүн баяндаган берүүлөр көрсөтүлдү. Материалдарда атайын кызматтардын наркотикалык заттарды ташуунун жана таркатуунун алдын алып жаткандыгы көрсөтүлдү.

Теле аркылуу 7,665 кг тирьяк жана 40 миңден ашуун трамадол таблеткасын өлкөгө алып кирүүгө аракет кылып жаткан эки адамды көрсөтүштү. Андан тышкары аткезчилик менен келген маңзатын сатып жатканда кармалган топ киши тууралуу берүү эфирден кетти. Алардан 21 кг ашык маңзаты алынды.

Андан соң өлкөгө 1 кг тирьяк алып кирип, аларды сатуу үчүн даярданып жаткан маалда кармалган ондой адамды көрсөтүштү. Кармалгандардын баары күнөөлөрүн моюнга алып, өкүнгөнүн билдиришип, кечирим сурашты.

Бул берүүлөрдүн шарданы менен өлкөдөгү белгилүү ырчы Назир Хабибов жөнүндөгү сюжет өзүнчө обого чыкты. Ал дагы маңзат менен шыгуулдангандардын катарына кирген. Анын кармалгандыгы туурасында маалымат жайында эле тараган, бирок бийлик муну расмий түрдө эми гана тастыктады.

XS
SM
MD
LG