Ссылки доступа

Рамзан Кадыров үчүнчү сапар Чеченстандын башчысы болду


Чеченстандын борбору Грозныйда үчүнчү жолу республиканын башчысы болуп шайланган Рамзан Кадыровдун инаугурациясы өттү. Салтанат Шаар күнүнө жана саясатчынын 40 жылдык мааракесине туш келди.

Кадыров ант берип жатып: "Алланын эмири менен үчүнчү жолу чечен элинин келечеги жана тагдыры үчүн ири жоопкерчилик алып жатам. Мен бардык күчүмдү, билимимди жана тажырыйбамды калкка кызмат кылууга жумшайм. Өлкөнүн өнүгүшү жана адилеттүүлүктүн орношу үчүн эмгектенем", – деди.

Кадыров атасы Ахмат-Хаджи Кадыров Чеченстандын президенти болуп дал ушул күнү, 13 жыл мурун 5-октябрда шайланганын эстеп жатып, көзүнөн жаш алды. Ал антты чечендердин улуттук кийими жана бапагын кийип алып берди. Текстти чечен жана орус тилдеринде окуду. Салтанат Чечен мамлекеттик филармониясында республика парламентинин жыйыны учурунда өттү.

18-сентябрда болгон шайлоодо Кадыров “Бирдиктүү Орусиянын” талапкери катары 97,94 добуш алган. Аны менен бирге Чеченстанда саясий өнөктүккө катышкандардын саны 94,8 пайызды түзгөн.

Кадыровду сындагандар жана укук коргоочулар республикада адам укуктары олуттуу бузулуп, кишилерди уурдап кетүү, өлтүрүү жана кыйноого алуу учурлары болорун айтып келишет.

XS
SM
MD
LG