Ссылки доступа

Өзбекстан бизнеске «кеңири эркиндик» убадалоодо


Өзбекстандын президентинин милдеттерин убактылуу аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев 5-октябрда «ишкердиктин тез өнүгүшүн камсыз кылуу, жеке менчикти коргоо жана  сапатты жакшыртуу тууралуу» жарлыкка кол койду.

Документте чакан жана жеке ишкердикти «кеңири эркиндик» менен камсыздоо мамлекеттик саясаттын туруктуу багыты жана мамлекеттик органдардын биринчи орунда турган маселеси экени айтылган.

Жарлык менен ишкер субъектилеринин ишмердүүлүгүн кайра-кайра текшерүүнүн бардык түрү жоюлду. Аны менен катар мыйзамсыз ишкердик менен алектенүү боюнча алгачкы мыйзам бузган адамдар чыгым ордун толтуруп берген учурда административдик жана кылмыш жазаларынан бошотулмай болду.

Ошондой эле Шавкат Мирзиёев жыл соңуна чейин жемкорлукка каршы аракет тууралуу мыйзам даярдоо тапшырмасын берди.

XS
SM
MD
LG