Ссылки доступа

Нааразылыктардан улам Польша бийлиги абортко тыюу салуу идеясынан баш тартты


Көптөгөн нааразылыктардан кийин Польша өкмөтү аборт кылууга толугу менен тыюу салуу идеясынан баш тартты. Бул тууралуу шаршембиде өлкөнүн билим берүү министри Ярослав Говин билдирди.

Министрдин айтымында, бир канча айга созулган нааразылык акциялары бийликтин позициясына таасир этти. Польша парламентинин жогорку палатасынын өкүлүнүн айтымында, сенаторлор мыйзам долбоорунун үстүнөн иштебейт.

Польшада аборт кылууга медициналык көрсөтмөлөр боюнча гана уруксат берилген. Расмий маалыматтар боюнча 38 миллион калкы бар өлкөдө күнүнө 2 миңден ашык аборт жасалат.

Жарандык активисттер тарабынан сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, бойдон алдырууга толугу менен тыюу салынып, ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

XS
SM
MD
LG