Көптөгөн жылдан бою балдарды мажбурлап иштетүүгө каршы болуп, өлкөдөгү фермерлердин укуктары үчүн күрөшүп келген ферганалык укук коргоочу Ганихон Маматхановду коргоо өнөктүгү «Жалындуу жүрөктөр» аталышындагы эл аралык укук коргоо уюму тарабынан 3-октябрда башталган.
Уюмдун жетекчиси Мутабар Тажибаеванын айтымында, абакта сегиз жыл жаткан Маматханов 2016-жылдын 4-июнунда эле эркиндикке чыгышы керек болчу. «Бирок андан бери төрт айдан ашык убакыт өттү, анын тагдыры тууралуу үй-бүлөсү, жакындары эч кандай маалымат ала албай келишет», - деп кошумчалады ал.
Тажибаева 16-сентябрда Маматхановдун уулу Жамалхон Жазаларды аткаруу кызматына барып, атасы тууралуу маалымат алууга аракет кылган. Бирок ага Ганихон Маматхановдун Таштүрмөдө (№1 тергөө абагы) экенин айтышкан. Анын атасы менен жолугуп, ага керектүү нерселерди берип жиберүү өтүнүчүн аткаруудан баш тартышкан.
Ганихон Маматханов алдамчылыкка айыпталып 2008-жылы камакка алынып, ошол эле жылдын 9-октябрында төрт жыл беш айга соттолгон.