Соростун пикиринде, орусиялык учактардын Алеппонун жөнөкөй жашоочуларын бомбалап жатышы үчүн жоопкерчилик президент Владимир Путинде.
«Андагы аскердик аракеттердин жыйынтыгында шаарда ооруканалар иштебей, адамдарга суу жетпей жатат», — деп жазылган Соростун «Ачык коом» фондунун сайтына жарыяланган билдирүүсүндө.
Жорж Сорос Орусиянын жана дүйнөнүн калкын четте карап турбастан, болуп жаткан нерселерге карата нааразылыктарды ачык билдирүүгө чакырды. Айтымында, коомдук пикирдин басымы Путинди адамзатка каршы кылмыштарды токтотууга аргасыз кылышы мүмкүн.