Ссылки доступа

Казакстанда Коргонуу жана аэрокосмикалык өндүрүш министрлиги түзүлдү


6-октябрда Казакстанда Коргонуу жана аэрокосмикалык өндүрүш министрлигин түзүү жөнүндөгү өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы жарыяланды.

Министрликтин ишмердүүлүгүнүн башкы багыттары катары коргоонуу, аэрокосмикалык жана электрондук өнөр жай, маалыматтык коопсуздук, киберкоопсуздук жана мобилизациялык даярдык жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик материалдык резервди түзүү жана өнүктүрүү, бирдиктүү аскердик-техникалык саясатка катышуу маселелери айтылууда.

Жаңы түзүлгөн министрликке Коргоо, Инвестициялар жана өнүгүү, Улуттук экономика, Маалымат жана коммуникациялар министрликтеринин айрым функциялары менен ыйгарым укуктары берилди.

XS
SM
MD
LG