Ссылки доступа

Сирия-Түркия чек арасындагы жардыруудан кеминде 20 киши өлдү


Болжолдуу түрдө «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу тарабынан уюштурулган Сирия-Түркия чек арасындагы жардыруудан кеминде 20 адам каза болду, көбү көтөрүлүшчүлөр. Бул тууралуу кеңсеси Улуу Британияда жайгашкан Syrian Observatory for Human Rights (SOHR) уюму билдирди.

Уюмдун маалыматы боюнча Идлиб провинциясынын Атме аймагындагы чабуулдун уюштуруучулары ИМдин согушкерлери менен урушуп жаткан Түркиянын колдоосундагы көтөрүлүшчүлөрдү бутага алышкан.

«Ислам мамлекетинин» Amaq маалымат агенттиги көтөрүлүшчүлөрдүн тобуна жанкечти чабуул койгонун билдирүүдө.

Азыркы тапта көтөрүлүшчүлөрдөн турган топтор түрк аскерлеринин колдоосу менен Идлибдин түндүк-чыгыш тарабындагы чек ара аймагында ИМ согушкерлерине каршы күрөш жүргүзүшүүдө.

XS
SM
MD
LG