Ссылки доступа

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Баш катчынын талапкерлигин бекитти


Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши Португалиянын экс-премьер-министри, Качкындар боюнча мурдагы Жогорку комиссар Антониу Гутерришти уюмдун Баш катчылыгына расмий көргөздү.

6-октябрда кеңештин 15 мүчөсү анын талапкерлигин бир добуштан колдоду. Эмки жумада башкы Ассамблея Гутерришти бекитет деп күтүлүүдө. Ал кызматына 2017-жылдын 1-январында киришип, БУУну он жылдан бери жетектеп келген Пан Ги Мундун ордун ээлейт. Пан Ги Мун Гутерришти “мыкты талапкер” деп атады.

Гутерриш 1995-2002-жылдары Португалиянын өкмөтүн жетектеп турган. 2005-жылдан былтыркы декабрга чейин Качкындар мекемесин башкарган.

Пан Ги Мундун мураскору болуу үчүн 12 талапкер ат салышкан. Алардын айрымдары БУУну сирия кризисин чечүүдөгү жана Эбола вирусу менен күрөшүүдөгү ыкшоо аракети үчүн кескин сынга алышкан. Кээ бир талапкерлер уюмду түп тамырынан бери реформалоону сунуштаган.

XS
SM
MD
LG