Ссылки доступа

Amnesty International: Кыргызстанда кыздар укугун коргоо маселесинде жылыш бар


Amnesty International эл аралык уюму жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салуу боюнча мыйзамды кубаттайт. Уюм өз сайтында Кыргызстанда кыздардын укугун коргоо багытында жылыштар бар экенин белгилеген.

5-октябрда Жогорку Кеңеш жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоорду кабыл алды. Уюм бул документти иштеп чыгууга өлкөдөгү аялдардын укугун коргогон активисттер барандуу салым кошконун эске салат.

Мыйзам өлкө президенти ага кол койгондон кийин күчүнө кирет. Документте жашы жете электерге нике кыюуга уруксат берген жана диний жөрөлгөлөрдү уюштурган адамдарды беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Amnesty International жашы жете электер менен никеге туруу Кыргызстандагы негизги көйгөйлөрдүн бири экенин белгилейт. Статистикага ылайык, өлкөдө кыздардын 15% 18 жашка чейин, ал эми 1% 15 жашка чейин турмушка чыгышат. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, Евразиядагы 35 мамлекеттин ичинен Кыргызстан эрте никеге туруу боюнча бешинчи сапта.

XS
SM
MD
LG