Ссылки доступа

«Мэттью» бороону 280ден ашык кишинин өмүрүн алды


Гаитиде «Мэттью» бороонунун курмандыктарынын саны кеминде 283 кишиге жетти. Куткаруучулар акыркы күндөрү алгачкы жолу океан жээгинде кыйраган шаарчага жете алышты.

Кырсыктан улам Гаитиде холера илдетинин вирусу кайра жайылып кетпейби деген кооптонуулар жаралууда.

Бороон Гаити менен Багам аралдарынан өтүп, АКШнын Чыгыш жээктерине багыт алды. Океан жээктериндеги аймактардан үч миллионго жакын адам эвакуацияланды. Флорида, Жоржия, Түштүк жана Түндүк Каролина штаттарында өзгөчө абал жарыяланды.

Кошмо Штаттардын бороондор боюнча улуттук борбору Мэттью алааматын төртүнчү баскычтагы бороон катары баалады. Мындай бороондун ылдамдыгы саатына 250 чакырымга чейин жетип, бак-дарактарды омкоруп, электр зымдарын үзүп, жеңил курулуштарды талкалашы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG