Ссылки доступа

ФСБ украин журналистине тыңчылык боюнча расмий айып такты


Орусия Федералдык коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү Украина жараны, журналист Роман Сущенкого расмий түрдө айып такты. Бул тууралуу ТАСС Сущенконун жактоочусу Марк Фейгинге шилтеме берүү менен билдирди. Журналист өзүн күнөөлүү деп эсептебейт.

“Укринформ” агенттигинин кабарчысы Роман Сущенко ФСБ кызматкерлери тарабынан өткөн жумада Москвада кармалган. Сот аны эки айга камоо боюнча өкүм чыгарган.

ФСБ украин чалгын кызматынын полковниги Сущенко Орусияга “тыңчылык ишмердүүлүгүн” аткаруу үчүн келгенин билдирген. Киев анын чалгындоого тиешеси жок экенин айтып, журналисттин камалышын чагым катары баалоодо.

Украин дипломаттары азырынча Сущенко кармалган абакка кире албай жатышат. Консулдуктун кызматкерлери келерки жумада журналист менен көрүшүүгө уруксат алышты. Бул тууралуу Украина президенти Петр Порошенко жума күнү Фейсбуктагы баракчасына жазды.

XS
SM
MD
LG